7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөнүн алдыңкы клиникаларында иштеген кыргыз адистери тажрыйбалары менен бөлүштү

3

Саламаттык сактоо министринин орун басарлары Бакытбек Кадыралиев жана Темирбек Эркинов Германия, АКШ, Улуу Британия, Россия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү жана башка мамлекеттерде медицина тармагында иштеп жаткан кыргыз адистери менен онлайн-жолугушту.

Жолугушуунун негизги максаты кесиптик тажрыйба алмашуу, медицинадагы эл аралык практикаларды талкуулоо, кадрларды даярдоо, саламаттык сактоону санариптештирүү жана чет өлкөлөрдө эмгектенип жаткан мекендештердин улуттук саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кароо болду.

Талкууда адистер дүйнөлүк тажрыйбалары менен бөлүшүп, медицинаны өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштарды беришти. Атап айтканда, заманбап технологияларды (NGS-диагностика, бронхоскопия) киргизүү, санариптештирүү, онкология, трансплантология жана башка тармактарды жакшыртуу, ошондой эле дарыгерлерди окутууну жөнөкөйлөтүү маселелери көтөрүлдү.

Сунуштардын негизги бөлүгү кадр маселесине арналды. Катышуучулар кыргыз адистерин окутууга, стажировкаларды уюштурууга жана тажрыйбалуу профессорлорду мастер-класстарга тартууга көмөктөшүүгө даярдыгын билдиришти. Ошондой эле адистердин өлкөгө кайтып келиши үчүн шарт түзүү жана долбоорлорго катышуусу талкууланды.

Министрликтин өкүлдөрү чет жактагы адистерди маанилүү ресурс катары атап, тажрыйба алмашуу үчүн системалуу аянтчалар түзүлөрүн билдиришти. Бул максатта офлайн жана онлайн-жолугушууларды өткөрүү, Миррахимов окууларына катыштыруу, ошондой эле санариптик жана кадрдык реформаларга тартуу маселелери каралды.

Жолугушуунун соңунда Бакытбек Кадыралиев мамлекет чет өлкөдөгү адистер менен кызматташууга кызыкдар экенин айтты. Ал кадр тартыштыгын чечүү үчүн алдыңкы тажрыйбаны жана технологияларды тартууга багытталган практикалык чечимдер изделерин баса белгиледи.

4