7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда санариптик туризм платформасы иштелип чыгат

2

Кыргызстанда санариптик туризм платформасын иштеп чыгуу керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, учурда туристтик кызматтар чачыранды болууда. Жаңы платформа ишке киргизилсе, эс алуучуларга көрсөтүлө турган кызматтар бириктирилип, ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

“Турист ар бир кадамда бюрократияга жана тилдик тоскоолдуктарга туш болбошу керек. Бизге мамлекеттик кызматтарды, бизнес-сервистерди жана төлөм инструменттерин бир терезеде бириктирген платформа керек. Азыр визалар, маршруттар, брондор, транспорт, камсыздандыруу иштери бири-бири менен байланышкан эмес. Мунун себебинен, турист убакытын жоготуп, татаал жол-жоболорго жана тилдик тоскоолдуктарга туш болот. Ар бир мамлекеттик орган өзүнүн маалыматтык системасынын алкагында иштегендиктен туристтик чынжыр үзүлүп калып жатат. Мындан улам мамлекет толук жана так маалыматка ээ боло албай, бизнес үчүн бирдиктүү санариптик мейкиндик жок. Ал эми турист үчүн түшүнүктүү жана ишенимдүү маалымат жетишпейт. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги санариптик бирдиктүү платформаны тез арада иштеп чыгышы зарыл. Бул санариптик платформа мамлекеттик кызматтарды, бизнес-сервистерди жана төлөм куралдарын бириктире турган платформа болушу шарт”, — деди ал.

Адылбек Касымалиев санариптик туристтик долбоорду иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

  • Туризм департаменти: санариптик туристтик платформага талаптарды калыптандыруу, фунционалын өнүктүрүү жана киргизүү боюнча эл аралык укуктуу мамлекеттик буйрутма берүүчү катары аныкталат,
  • Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги: санариптик туристтик платформаны иштеп чыгуу, киргизүү жана өнүктүрүү боюнча каржылоону эки айдын ичинде камсыз кылуу керек,
  • Финансы министрлиги: санариптик туристтик платформанын иштешин жана тейлөөсүн кийинки жылга каржылоону камсыз кылат,
  • “Түндүк” мекемеси: санариптик туристтик платформаны иштеп чыгууну, ишке киргизүүнү жана техникалык колдоону камсыз кылуу керек. Үч айлык мөөнөттө платформаны иштеп чыгып, тесттик режимде презентациясын даярдайт,

Белгиленгендей, мамлекеттик органдардын тиешелүү маалыматтык системалары менен “Түндүк” системасы интеграцияланышы керек.

3