7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Япониянын Юстиция министрликтери кызматташтыкты бекемдейт

27

Юстиция министри Аяз Баетов Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда тараптар Кыргызстан менен Япониянын Юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташтык программасын ишке ашыруунун алкагындагы эки тараптуу алаканын негизги багыттарын талкуулашты.

Аталган программа президент Садыр Жапаровдун Японияга болгон мамлекеттик визитинин жүрүшүндө кол коюлган.

Жолугушууда 2025-жылы Япониянын Юстиция министрлигинин Кыргызстандын Юстиция министрлигине расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын ийгиликтүү ишке ашырылып жатканы, анын ичинде укуктук системаларды биргелешип изилдөө иштери белгиленди.

Ошондой эле Кыргызстандын Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Япониянын юстиция министрлеринин биринчи жолугушуусун өткөрүү демилгесин япон тарап колдоого алганы жана ал аймакта тажрыйба алмашуу жана укуктук кызматташууну чыңдоо үчүн жаңы диалогдук аянтча катары каралып жатканы айтылды.

Юстиция министри Кыргызстандын укук жана юстиция тармагындагы демилгелерин колдогону үчүн, ошондой эле мыйзам үстөмдүгүнүн принциптерин илгерилетүүгө жана юстиция тутумунун кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Япониянын элчисине ыраазычылык билдирди.

Тараптар “Борбор Азия + Япония” регионалдык форматынын алкагында эки өлкөнүн юстиция министрликтеринин ортосундагы конструктивдүү диалогду улантууга жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.

28