ЖК депутаты «Бизнес-түндүк» идеясын сунуштады
24
Бүгүнкү күндө Россия Федерациясында жана АКШда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттар үчүн олуттуу тоскоолдуктар жаралууда. Бул тууралуу ЖК депутаты Болот Сагынаев өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.
«Миграциялык талаптардын катаалдашынын айынан миңдеген жарандарыбыз ишке орношо албай, олуттуу чыгымга учурап, аргасыздан мекенине кайтып жатышат. Өкүнүчтүүсү, эмгек миграциясына кеткен жарандарыбыздын басымдуу бөлүгү орто мектепти толук аяктабай же жогорку билим албастан кеткен. Натыйжада, алар кайра Кыргызстанга кайтып келген учурда мамлекеттик кызматтарга, туруктуу жумуш орундарга орношуу мүмкүнчүлүгүнөн толук ажырап, социалдык жактан аяр абалга туш болушууда. Ушундай кырдаалды эске алуу менен, эмгек миграциясында жүргөн жана мекенине кайтып келген жарандарыбызды колдоо максатында, тиешелүү мамлекеттик ведомстволорго конкреттүү жана даяр чечим катары атайын санариптик тиркеме сунуштайм. Бул тиркеме толук концепциясы иштелип чыккан, техникалык жактан ишке ашырууга даяр».
Эгерде аталган демилге Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан колдоого алынса, бул платформа сыртта иштеп, каражат топтоп келген жарандардын каражаттарын туура багытта иштетүүгө, чакан жана орто бизнес ачууга, өз алдынча киреше булагын түзүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк берет. «Бизнес-түндүк» аркылуу жарандарга бизнес баштоо боюнча багыт берүү, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу, мамлекеттик программаларга жеткиликтүү маалымат берүү жана практикалык колдоо көрсөтүү мүмкүн болот. Бул демилге мигранттарды убактылуу жардам менен эмес, туруктуу экономикалык мүмкүнчүлүк менен камсыз кылууга багытталган. Ар бир кайтып келген жарандын потенциалын туура пайдалануу мамлекет үчүн да, коом үчүн да стратегиялык мааниге ээ.
«Жыйынтыгында «Бизнес-түндүк» социалдык коргоо эмес, өз күчүнө ишенген жаранды ишкерликке жетелеген мамлекеттик механизмге айланып, жаратман ишкерлердин калыптанышына жол ачмак, — деп ишенимдүү айтамын»-, деп билдирди Болот Сагынаев.
Толук түшүндүрмө төмөндөгү видеодо…