Мындан ары курсанттарды мамлекет көзөмөлдөгөн автомектептер гана окутат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, 2026-жылдын февраль айынын орто ченинен тартып, жаңы бекитилген окуу стандартына ылайык жаңы окутуу планы менен заявкалар кабыл алына баштайт.
“Бул реформалар кимдир бирөөгө каршы эмес. Бул адам өмүрүн сактоо үчүн жасалып жаткан чечим. Бул башталышы гана. Алгач оор болушу мүмкүн, бирок тартип сөзсүз орнойт. Жооптуу органдын имаратынан тартып материалдык базасына чейин жаңылоо иштери жүрүп жатат. Сабыр кылсак, жыйынтык болот. Айдоочууларды даярдоону бизнеске айлантып, күбөлүк сатуу менен акча жасагандарга бул кадамыбыз жакпай жаткандыр, аларга айтып коеюн: даярдыгы жок рулга отуруп, кырсыкка учурап, өз өмүрү кыйылып, башкалардын өмүрүн алган кайгылардын жоопкечилиги так ошол күбөлүк саткандардын абийиринде. Статистиканы караныздар, жол кырсыгынан жүздөгөн, миңдеген адамдар набыт болууда. Ата-энелер мектепти бүткөн балдарына унаага кошуп айдоочулук күбөлүк белек кылып, ал балдары бейкүнөө адамдарды тебелеп өлтүргөн кырсыктар канча катталды?
Мындан ары, мамлекет айдоочуларды унааны эле эмес, унаа айдоонун маданиятын, сабырдуулукту, унаа тууралуу түшүнүк, дегеле айдоочу кабыла турган бардык тобокелчиликтерге жооп бере тургандай системаны орнотобуз.
Ооба, буга чейин айдоочулук күбөлүк сатып бизнес кылгандарга биз жакпай жатабыз. Алар, баягы эле “жалданма” журналисттердин кызматын пайдаланып материал даярдатып, коомдун башын айлантууга далалат кылышууда. Мамлекет коррупциялык элементтерди, сатып алууларды токтотуп, реформасын аягына чыгарат. Мыйзам чегинде жана жогорку талаптар менен окутуп, рулга отурууга чейин тиешелүү деңгээлде даярдоого шарт түзөбүз”,-деп жазды ал



