7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көл форумунун логотибине жана брендбугуна сынак жарыяланды

380

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун 40 жылдык мааракесине карата логотипти жана брендбук­ту иштеп чыгууга сынак жарыялады. Бул тууралуу ведомстводон билдирди.

 Маалыматка ылайык, байге фонду – 50 миң сом.

Сынакка жеке ишкер катары катталган, ишкердик жүргүзүүгө күбөлүгү жана патенти бар сүрөтчүлөр жана дизайнерлер катыша алат.

Сынак Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгына арналган, форумдун философиясын, миссиясын жана эл аралык маанисин чагылдырган оригиналдуу логотипти жана бирдиктүү визуалдык брендбукту иштеп чыгуу максатын көздөйт. Логотип форумдун бийик миссиясын жана маңызын чагылдыруусу зарыл.

Сынакка катыша тургандар арыздарын 31-январга чейин centerformuseum@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүүсү зарыл.

Сүрөтчүлөр жана дизайнерлер үчүн министрлик тарабынан сынактын талаптары жана техникалык тапшырма кеңири түшүндүрүлөт.

Белгиленгендей, 1986-жылы улуу ойчул жана жазуучу Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк интеллигенцияны Ысык-Көл жээгине чакырып, СССР менен Батыштын ортосундагы «кансыз согуштун» соңунда турган дүйнөлүк абалды талкуулоого негиз салган.

2026-жылы өтө турган форум цивилизациялык диалогду, тынчтык куруу маселелерин жана дүйнөдөгү жаңы глобалдык чакырыктарды талкуулоону улантат.

381