7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күч колдонуп сабаган. Ысык-Көл РИИБдин кызматкери кармалды

329

УКМК укук коргоо органдарындагы системалуу коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл РИИБдин айрым кызматкерлери тарабынан  кармалган жаранга карата опузалап талап кылуу жана кыйноо фактысы аныкталган. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тактап айтканда, Ысык-Көл райондук ИИБнын убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, убактылуу кармоочу жайда ыңгайлуу шарттарды убада кылып  акча талап кылган.

Аталган жаран опузаланган акчаны төлөөдөн баш тарткандан кийин өзү менен башка ИИБ кызматкерлери ага карата физикалык кол салуу жасашкан. Бул окуя ачыкка чыккандан кийин ал  ички иштер органындагы кызматынан өз ыктыяры менен кеткен.

Иликтөө иштеринин натыйжасында,шектүү кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешеси бар  жарандар такталууда.

330