Канат Сагынбаев пландан тышкаркы иш сапары менен Бишкектеги «Келечек» балдар реабилитациялык борборуна барды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Ведомстводон билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө министрге борбордун ишмердүүлүгү, кызмат алуучулардын саны жана кызматкерлердин курамы тууралуу маалымат берилди. Мекеме жетекчисинин айтымында, текшерүү маалында борбордо жалпысынан 45 адам кызмат алып жаткан. Анын ичинен 33 бала жана 28 коштоочу стационардык бөлүмдө, ал эми 12 бала күндүзгү форматта реабилитациялык жардам алууда. Текшерүүнүн жыйынтыгында Канат Сагынбаев борбордун администрациясына бардык кызматтар акысыз көрсөтүлөрү тууралуу калкты маалымдоону күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле сапаттуу жана жеткиликтүү реабилитациялык жардам көрсөтүү үчүн ар бир балага жекече мамиле жасоону биринчи орунга коюу зарылдыгын белгиледи.
Министр реабилитация алып жаткан балдар жана алардын жакындары менен жолугуп, бейтаптардын биринин чоң апасы борбордун жамаатына кесипкөйлүгү жана балдарга болгон кылдат мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде министр балдарга жана ата-энелерине бекем ден соолук, реабилитацияда ийгиликтерди жана тез сакайып кетүүнү каалады.
Белгилей кетсек, «Келечек» реабилитациялык борбору 2022-жылдын декабрь айында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылган. Борбор 100 балага ылайыкталып, таяныч-кыймыл аппаратынын бузулушу жана неврологиялык оорулар менен жабыркаган майыптыгы бар балдарга стационардык жана күндүзгү форматта реабилитациялык кызматтарды көрсөтөт.
Борборго кабыл алуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн жолдомосу аркылуу, ошондой эле МСЭКтин же баланын жашаган жери боюнча Жалпы дарыгерлик практика борборлорунун дарыгерлеринин сунуштамаларынын негизинде жүргүзүлөт.



