7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда дээрлик 3500 кызмат адамы мыйзам бузуп, салык декларация тапшырган

371

2024-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырбаган же туура эмес маалыматтарды көрсөткөн 3472 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган фактылар боюнча Укук бузуулар кодексинин 438-беренесинин (Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын мүлкү жана кирешелери тууралуу декларацияларды бербөөсү же талаптагыдай эмес берүүсү) негизинде укук бузуу өндүрүштөрү козголгон.

Натыйжада, материалдар сот органдарына кароо үчүн жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы менен 2882 кызмат адамына жалпы 13 миллион 674 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Учурда калган кызматкерлерге карата материалдар сот тарабынан кароо стадиясында турат.

372