Тогуз-Тородо мектеп жана бала бакчаларга карата террористтик коркунучтар тууралуу билдирүү тараткан окуучу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиршти.
Маалыматка ылайык, ал Фейсбук социалдык түйүнүндөгү «Казарман реклама» баракчасына Казарман айылындагы бала бакчаларда жана орто мектептерде пландаштырылган террордук чабуулдар тууралуу билдирүү жарыялаган.
Ошентип, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Тогуз-Торо районундагы орто мектептердин биринин 8-классынын окуучусу Б.К. интернет-террористтердин таасирине кабылып, мажбурлоо жана психологиялык таасир астында террордук акт жасоону көздөгөн.
Учурда кармалган жаранга карата мыйзамга ылайык чараларды көрүү максатында УКМК тарабынан зарыл болгон тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.
УКМК жарандарга оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик 14 жаштан баштап караларын жана терроризм актысын жасаймын деп коркутуу үчүн беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертет.



