7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төлөнбек Абдыров: Кумтөр өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат

334

Учурда Кумтөр өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров билдирди.

Окумуштуунун айтымында, азыркы тапта Кумтөр кени салыктык чегерүүлөрү, алтын-валюталык резервдерди көбөйтүү жана баалуу металлдардын экспортун камсыздоо менен өлкө кызыкчылыгы үчүн кызмат кылууда.

«Алтындын баасынын өсүшү экспорттон түшкөн валюталык кирешенин жогору болушун шарттайт. Бул биздин өлкө үчүн өтө маанилүү, себеби биз техника, күйүүчү май жана дары-дармек импортуна көз карандыбыз. 2024-жылы республикабыздын жалпы экспорту болжол менен 5 млрд долларды түзсө, анын 2,5 млрд доллары алтын сатууга туура келди», — деп белгиледи Төлөнбек Абдыров.

Ал ошондой эле эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча, акыркы жылдары Кумтөрдүн мамлекетке кошкон салымы кыйла өсүп, бул көрсөткүчтөр Эл аралык валюта фондунун отчеттору менен да тастыкталып жатканын баса белгиледи.

335