Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин А.Бакаев атындагы академиясы беш жылдык окуу мөөнөтүнө курсанттарды кабыл алууну жарыялайт.
Атайын кызматтан билдиришкендей, документтер 2026-жылдын 2-февралынан 27-февралына чейин кабыл алынат.
Талапкерлерге коюлган талаптар, документтердин тизмеси жана тандоо жол-жобосу тууралуу маалымат УКМКнын www.gknb.gov.kg расмий сайтында жайгаштырылган.



