7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Майыптыгы бар балдарга камкордук. Эки реабилитациялык борборго жабдуулар берилди

380

Беловодск айылындагы майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемеге жана Сокулуктагы реабилитациялык борборго атайын медициналык жабдуулар тапшырылды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жабдуулар Good Neighbors International эл аралык уюмунун Кыргызстандагы филиалынын ортосунда түзүлгөн меморандумдун алкагында берилди.

Эмгек министринин орун басары Айнура Орозбаеванын айтымында, бул майыптыгы балдардын жашоо сапатына, алардын ден соолугуна, өнүгүүсүнө жана келечегине багытталган чыныгы инвестиция.

«Бүгүн тапшырылып жаткан жабдуулар адистердин мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтип, реабилитациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатат, эң негизгиси — балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө реалдуу пайда алып келет», – деди ал.

381