7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте кыргыз-грузин саясий консультациялары өттү

1

Бишкекте Кыргызстан менен Грузиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда кыргыз-грузин саясий консультацияларынын 4-раунду өттү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Маалым болгондой, кыргыз делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров, ал эми грузин делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Александр Хвтисиашвили жетектеди.

Консультациялардын жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-грузин кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Медер Абакиров салттуу достукка, ишенимге жана өз ара урматтоого негизделген саясий диалогду мындан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу жана дипломатиялык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрү белгиленди.

Грузин тарап Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүндөгү оң динамиканы белгилеп, анын саясий, экономикалык, маданий жана гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого болгон бекем милдеттенмесин баса белгиледи. Алар кыргыз-грузин мамилелерин жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн өнөктөштүктү тереңдетүүнү улантууга, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана өлкөлөрдүн ортосундагы тажрыйба алмашууну колдоого даяр экендиктерин ырасташты.

Жолугушуунун аягында Медер Абакиров консультацияларга катышкандыгы үчүн грузин тарапка ыраазычылык билдирип, жетишилген макулдашуулар Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн бекем пайдубал түзөрүн баса белгиледи.

Тараптар үзгүлтүксүз диалог жүргүзүү, биргелешкен демилгелерди координациялоо, ошондой эле саясий, экономикалык жана гуманитардык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө салым кошкон долбоорлорду ишке ашыруу ниеттерин тастыкташты.

2