7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине 12 млн сумдан сыйакы берилет

790

Өзбекстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери 12 млн сумдан (1150 доллар) бир жолку акчалай сыйакы алышат. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 20-апрелде кол койду. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, чечим «жеңиштин 76 жылдыгына карата согуштун ардагерлерин куттуктоо жана материалдык жактан колдоо көрсөтүү» максатында кабыл алынганы жазылган.
Мындан тышкары тиешелүү мамлекеттик органдарга 9-майда карантин эрежелерин сактоо менен Ата Мекенди коргоочуларга арналган атайын жолугушууларды, маданий-агартуу кечелерди өткөрүү тапшырмасы берилди.

Жарлыкты ишке ашырууга каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

791