7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Новиков Орусияда тартип бузган мигранттарды жөнгө салууну талкуулады

583

Москва шаарында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиковдун Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары, Өкмөттөр аралык кыргыз-россия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык комиссиясынын теңтөрагасы Алексей Оверчук менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Анда Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын 24-25-февралында Россия Федерациясына сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштердин жүрүшү каралды.

Артем Новиков белгилегендей, Кыргыз Республикасы коронавирус инфекциясынан «Спутник V» вакцинасын расмий каттаган, буга байланыштуу өлкө россиялык вакцинаны вакцинациялоо программасына киргизүүгө жана вакцинаны республика аймагына ташууга даяр. Россия тарап жакын арада Кыргыз Республикасынын калкы үчүн «Спутник V» вакцинасын жеткирип баштоого даяр экендигин тастыктады.

Мындан тышкары, тараптар Россия Федерациясынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын мигранттарынын жүрүүсүнүн укуктук макамы, ошондой эле Россия Федерациясынын аймагында бекитилген жүрүү тартибин бузган чет элдик жарандардын укуктук макамын жөнгө салуу маселеси талкууланды.

Россиялык тарап 2021-жылдын 15-июнуна чейин административдик чара колдонбостон жана Россия Федерациясынын аймагынан тышкары чыгаруу зарылдыгысыз чет элдик жарандардын укуктук макамын тариздөөнү жүргүзүү мүмкүндүгү тууралуу маалымдады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

584