7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Байсалов: Мен үчүн Садыр Жапаровдун командасында кызмат кылуу — чоң жоопкерчилик жана сыймык

24

Президент Садыр Жапаровдун келиши менен өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түштү, – деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып.

Анын айтымында, бүгүн президент Садыр Жапаров ант берген күндөн бери туура беш жыл өттү.

«Бул беш жыл – Кыргызстан үчүн бурулуш мезгил болду. Өлкө туруктуу өнүгүү жолго түштү. Мамлекетти тартипке салуу, ишенимди кайтаруу, өнүгүүнүн жаңы багытын аныктоо боюнча олуттуу тарыхый өзгөрүүлөр болду.

Мен үчүн президент Садыр Жапаровдун командасында кызмат кылуу — чоң жоопкерчилик жана сыймык. Мамлекет башчыга мага ишеним көрсөтүп, мындай тарыхый өзгөрүүлөргө катышууга мүмкүнчүлүк бергенине терең ыраазычылык билдиремин.

Садыр Жапаровдой таза жана күчтүү инсанды президенттикке шайлаган улутман жана айкөл элибизге ыраазычылык: ишеним, сабыр жана туруктуу колдоо болбосо, бул тарыхый ийгилик мүмкүн эмес эле.

Алдыда жол дагы татаал. Алгачкы тоскоолдуктар артта калды, эми жаңы, андан да чоң чакырыктар турат. Анткени биздин улуттук лидер жетишкен натыйжалар менен чектелбейт. Максат – өнүккөн, гүлдөгөн Кыргызстан жана дүйнөлүк деңгээлде атаандаш боло алган күчтүү жаш муун.

Эгер өткөн беш жылда өлкөбүз эки эсеге өзгөрсө, алдыдагы беш жыл андан да терең, андан да олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келет деп ишенем.

Жашасын Кыргызстан!», – деп жазды ал.

25