2025-жылы Баткен облусуна тартылган чет өлкөлүк инвестициянын жалпы көлөмү 63 млн 135 миң долларга жетти. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Анын ичинен тикелей чет өлкөлүк инвестициянын көлөмү 40 млн 97 миң долларды түздү.
Бул көрсөткүчтөр чек ара маселесинин чечилишинин аркасында облус инвесторлор үчүн ишенимдүү жана келечектүү аймак болуп бара жатканын көрсөтөт.
Жыл ичинде облустун аймагында төмөнкүдөй ири инвестициялык долбоорлор ишке ашты:
- Лейлек районунун Булак-Башы айылында ачылган “Мега Газаблок” ишканасы немис технологиясы менен автоклав газоблокторун чыгарууда. Ишкананын долбоору үчүн, “Мега Газаблок” ЖЧКсы 18,0 млн доллар инвестиция салган.
- «Сүлүктү» 11-талаа көмүр кени «Кыргызкөмүр» ААК менен «Хунга Лифенг» өнөр-жай соода компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ачылып иштеп жатат. Көмүр кенин иштетүүгө тараптар 65 млн доллар инвестиция салган. Ошондой эле күн электр станциясынын куруу багытында облус боюнча 4 миң гектардан ашуун жер трансформацияланып чет өлкөлүк инвесторлор менен инвестициялык келишим түзүлүп долбоорлор ишке ашуу алдында турат.
- Кадамжай районунда «САН ЭНЕРДЖИ КО» ЖЧКсы тарабынан, инвестициянын көлөмү 250 млн доллар жана Баткен районунунда «Кыргыз Гуанда Новая Энергия» ЖЧКсы тарабынан инвестициянын көлөмү 300 млн доллар болгон 2 инвестициялык макулдашуу министрлер кабинети тарабынан жактырылды.
- «Ак-Татыр Энерго» ЖЧКсы тарабынан Баткен облусунда күн электр станциясын куруу долбоору ишке ашырылууда. Долбоор Баткен районуна караштуу Ак-Татыр айыл аймагында жайгашып, жалпы суммасы 500 млн доллардан ашуун болуп, кубаттуулугу 600 МВтка жетээри пландалууда.
Ошондой эле 2025-жылы Баткен облусу Фергана жана Согдий облустары менен кызматташтыгын бекемдеди. Ошондой эле Монголиянын Дунговь провинциясы менен жүндү кайра иштетүү жана кашемир эчкилерин алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Экономикалык жана инвестициялык активдүүлүктүн өсүшү менен катар, аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүүгө да көңүл бурулуп жатат. 2025-жылы Баткен облусуна келген чет элдик жана жергиликтүү туристтердин жалпы саны 31 миң 697 адамды түздү. Анын ичинен 2 миң 586 адам чет өлкөдөн, ал эми 29 миң 111 адам ички туристтер болуп саналат.
Белгилей кетсек, бүгүн президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов Кытайдан келген инвесторлор менен жолукту. Тараптар Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасир этүүчү бир катар ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.



