7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Такси кызматын көрсөткөн айдоочулар лицензия алууга милдеттүү

19

Такси кызматын көрсөткөн айдоочулар лицензия алууга милдеттүү. Бул тууралуу Кайгуул кызматы билдирет.

Лицензия алуу үчүн талап кылынган документтердин басымдуу бөлүгүн «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу алуу мүмкүн.

Лицензия алуу үчүн керектүү документтер:

  •             Жеке жакты тастыктаган документ (паспорт);
  •             Салык органына катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  •             Жүргүнчүлөр алдындагы жарандык жоопкерчилик боюнча милдеттүү камсыздандыруу келишими;
  •             Автотранспорт каражатын каттоо күбөлүгү;
  •             Тиешелүү категориядагы айдоочунун күбөлүгүнүн көчүрмөсү (айдоочулук стажы 3 жылдан кем эмес);
  •             Соттуулугу тууралуу маалымкат.

Белгилей кетсек, 1-февралга чейин убакыт аз калды. Ушуга байланыштуу бардык такси айдоочуларын талап кылынган документтерди өз убагында чогултуп, лицензия алууга чакырабыз. Белгиленген мөөнөттөн кийин рейддик иш-чаралар башталат.

20