7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын полковниги Серик Абиев каза болду

19

27-январда 54 жашында запастагы полковник Абиев Серик Кекенович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Серик Абиев 1972-жылы туулган. 1995-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча окуусун аяктаган.

Ал Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарында 1995-жылдын ноябрь айында кызмат өтөй баштаган. Жылдар бою ар кандай жооптуу кызматтарды ээлеген:

— 1995-жылдан 2001-жылга чейин УКМКнын тергөө башкармалыгында;
— 2001-жылдан 2003-жылга чейин УКМКнын Нарын облустук башкармалыгында;
— 2003-жылдан 2006-жылга чейин УКМКнын тергөө башкармалыгында;
— 2012-жылдан 2014-жылга чейин УКМКнын төрагасынын жардамчысы;
— 2014-жылдан 2017-жылга чейин УКМКнын АТБда;
— 2017-жылдан 2022-жылга чейин УКМКнын башкы тергөө башкармалыгында;
— 2022-жылдан 2024-жылга чейин УКМКнын Академиясында;
— 2024-жылдан 2025-жылга чейин УКМКнын Укуктук камсыздоо кызматынын башчысынын орун басары болуп иштеген.

Кызматтык милдеттерин аткарууда жетишкен жакшы натыйжалары үчүн Серик Абиев мекемелик сыйлыктар жана наамдар, ошондой эле президенттин атынан Ардак грамотасы менен сыйланган.

Кесиптештери жана кызматташтары аны татыктуу жетекчи, чыныгы офицер, милдетин күчтүү сезген принципиалдуу жана жоопкерчиликтүү кызматкер катары эстешет. Ал улуттук коопсуздук кызматкерлеринин жаш муундарына насаатчылык кылып, аларга ар дайым чынчыл жана адилеттүү болууга, салттарды урматтоого, офицердин жогорку наамын татыктуу алып жүрүүгө жана өз өлкөсүнө берилгендик менен кызмат кылууга чакырган.

Серик Абиев боорукер жана мээримдүү инсан, ишенимдүү жолдош жана татыктуу дос болгон. Анын жылуу элеси кесиптештеринин жана аны жеке тааныгандардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

УКМК жетекчилиги, ардагерлери жана жеке курамы маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

20