Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, дебюрократиялаштыруу системасынын экинчи этабы башталаары маалымдалып, бул этап жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү болот. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлү Азамат Осмонов ишкерлер менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылы жаңы мектептерди, бала бакчаларды жана медициналык мекемелерди куруу, ошондой эле инфраструктураны капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалууда. Алсак, 80 социалдык объектти, 150 чакырым жолду жана 25 көпүрөнү жаңылоо каралган.
Панелдик талкуунун алкагында бизнес өкүлдөрү өз сунуштарын жана демилгелерин айтышты.
Жыйынга курулуш, туризм, агрардык жана өндүрүш секторлорунун ишкерлери, анын ичинде «Алканов групп», «ROYAL Construction», «Чүңкүрчак» тоо лыжа базасы, «Lucky Socks», «Invoice Plus», «Eco Aska» жана «Нуристан» ЖЧКсынын өкүлдөрү катышып, сөз сүйлөштү.
Жолугушуунун жыйынтыгында түз диалог форматы мындан ары да улантылары, ал эми бизнес өкүлдөрү үчүн конкреттүү долбоорлорду талкуулоого багытталган жеке жолугушуулар каралгандыгы белгиленди.



