7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Борбордо тамак-аштын кымбатташынын себеби эмнеде? Ишкерлердин жүйөөлөрү

193

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек шаарындагы кафе-ресторандардын өкүлдөрү жана «HoReCa Club» ассоциациясы менен биргеликте баа саясатын талкуулады.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы эрежелердин аткарылышы каралды.

Жаңы ченемдерге ылайык, коомдук тамактануучу жайларда төмөнкү эрежелер сөзсүз аткарылышы керек:

Тейлөө үчүн, тамакты алып келип берүү, дасторконду жасалгалоо же кызматкерлердин башка аракеттери үчүн өзүнчө кошумча акча алууга болбойт.
Кардар төлөй турган бардык акча аш тизмеде (менюда) көрсөтүлгөн баанын ичинде камтылышы зарыл.
Акыркы эсеп аш тизмедеги баалардын негизинде эсептелип, андан ашык же кем болбошу керек.
Аш тизмеде ар бир тамактын баасы менен кошо анын салмагы так көрсөтүлүшү шарт (грамм менен).
2026-жылдын январь айында айрым жайларда баалар 15 пайыздан ашык жогорулаганы белгиленди. Ишкерлер муну ижара акысынын, коммуналдык кызматтардын, азык-түлүктүн жана кызматкерлердин эмгек акысынын кымбатташы менен түшүндүрүштү.

Талкуунун жыйынтыгында төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

Даяр тамактарды буйрутма кылып, өзү менен кошо алып кеткендер үчүн 10 пайыздык арзандатуу киргизилет.
Калк үчүн социалдык маанилүүлүгүн эске алуу менен бааларды негизсиз жогорулатпоо жана туруктуулукту камсыздоо механизмдери иштелип чыгат.
Монополияга каршы кызмат мыйзам талаптарын бузган ишкерлер «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын негизинде жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

194