7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Бейиш 2: Апама кат” тасмасын уурдагандар жоопкерчиликке тартылышты

2

«Бейиш 2: Апама кат» көркөм тасмасынын прокаттык көрсөтүүсү башталгандыгына байланыштуу, тасманын авторлору тасманын айрым үзүндүлөрүн мыйзамсыз түрдө видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялоо фактылары аныкталгандыгын расмий түрдө билдиришет.

Кыргыз Республикасынын «Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө» Мыйзамына ылайык, аудиовизуалдык чыгарманы колдонуунун өзгөчө укуктары автордук укук ээсине таандык. Автордук укук ээсинин макулдугусуз тасманы же анын үзүндүлөрүн жаздыруунун, көчүрүүнүн, кайра чыгаруунун, жайылтуунун жана интернет тармактарына, социалдык тармактарга, мессенджерлерге жайгаштыруунун бардык түрлөрү мыйзамсыз болуп саналат.

Автордук укукту бузуу жарандык-укуктук, административдик, ал эми мыйзамда каралган учурларда — кылмыш-жаза жоопкерчилигине, анын ичинде эркиндигинен ажыратууга алып келет.

Бүгүнкү күндө «Бейиш 2: Апама кат» тасмасынын үзүндүлөрүн социалдык тармактарга мыйзамсыз жарыялоонун конкреттүү учурлары аныкталып, документтештирилди. Укуктук баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча, эки адам жоопкерчиликке тартылып, ар бирине 50 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Автордук укук ээси кийинки ар кандай мыйзам бузуулар автордук укукту атайылап бузуу катары караларын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик чараларын, анын ичинде кылмыш-жаза жоопкерчилигин колдонуу үчүн укук коргоо органдарына жана соттук инстанцияларга кайрылуу жасаларын эскертет.

Тасманын жаратуучулары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, блогерлерди, интернет-ресурстардын администраторлорун жана социалдык тармактардын колдонуучуларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого, автордук укукту сыйлоого жана тасмага карата ар кандай мыйзамсыз аракеттерден алыс болууга чакырат.

3