31-январь күнү түн ортосунда Өзбекстанда калкты жана айыл чарбасын каттоонун онлайн-этабы расмий түрдө аяктады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-январда башталган онлайн-каттоого 17 күн ичинде Өзбекстандын 38 миллиондон ашык калкынын ичинен 29,9 миллиондон ашуун адам катышкан. Бул көрсөткүч өлкөдөгү бардык үй чарбаларынын 81,8 пайызын түзөт.
Калкты каттоонун экинчи этабы 4-февралдан 28-февралга чейин өткөрүлөт. Бул мезгилде үй чарбалары кыдырылып, респонденттердин оозеки жооптору планшеттерге жазылат. Каттоо иштерин махалля өкүлдөрү жүргүзөт.
Эске салсак, Өзбекстанда калкты каттоо акыркы жолу 1989-жылы, мурдагы СССР мезгилинде өткөрүлгөн. Андан бери 37 жыл өттү.



