Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы 3 жылда бир берилет. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Ал каржылоо суммасы дагы 100 миңден 200 миң сомго көбөйтүлгөнүн белгиледи.
«Сыйлык 11 наам боюнча берилет», — деди Тагаев.
Сыйлык адабият, искусство, кино, журналистика жана илим тармактарын камтыйт.



