Былтыр жумуш учурунда каза тапкан жарандарга 111 млн сом кенемте төлөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы 1885 эмгек мыйзамдарынын бузулушун аныктаган. Окуялардын арасында 161 жабырлануучу катталып, алардын ичинен 94 адам оор жаракат алып, 63 адам каза болду.
Салынган айып пулдардын суммасы 8,8 млн сомду түзүп, анын ичинен 6,9 млн сому өндүрүлдү. Каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө төлөнгөн кенемтелер 111 млн сомду түздү.



