7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарында 20 мектептин курулушу башталды

11

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Бишкек шаарында 20 мектептин курулушун баштады. Бул тууралуу ведостводон билдирди.

Маалыматка ылайык, алар:

Октябрь району:

  • Көк-Жар конушунунун Куйручук көчөсү 123/1 дарегиндеги №88 орто мектепке кошумча 500 орундуу окуу корпусу;
  • Түштүк пландоо зонасынын Токомбаев көчөсү 15/8а дарегине жаңы мектеп;
  • №8 кичи району 19/1 дарегиндеги №64 орто мектебине кошумча окуу корпусу;
  • Өскөн-Ордо конушуна 750 орундуу жаңы мектеп;
  • Кара-Жыгач конушунун Оберон көчөсү 18/1дарегиндеги №91 орто мектебине кошумча корпус;
  • Көк-Жар айылынын Кийизбаев-Алапаев дарегине жаңы мектеп

Ленин району:

  • Алыкулов көчөсү 1 дарегиндеги №42 орто мектепке кошумча корпус;
  • Кашка-Баш айылынын №84 жаңы мектеп;
  • Ак-Ордо конушунун Теңир-Тоо көчөсү 1 дарегине 750 орундуу жаңы мектеп;
  • Гагарин көчөсү 166 дарегиндеги №55 орто мектебине 1200 орундуу кошумча корпус;
  • Жал кичи району 29 дарегиндеги №72 мектепке кошумча корпус;
  • Арча-Бешик конушунун Садыбакасов 94 дарегиндеги №79 мектепке кошумча корпус.

Биринчи май району:

  • Калыс-Ордо конушунун №86 орто мектебине өзүнчө кошумча корпус;
  • Дача-Суу конушуна жаңы мектеп;
  • Васильев көчөсү 169 дарегине жаңы мектеп;
  • Достук айылына 750 орундуу жаңы мектеп;
  • Кудайберген конушуна 1200 орундуу жаңы мектеп.

Свердлов району:

  • Дордой конушунун дордой Аул-13-12 көчөсүндөгү №94 мектепке кошумча корпус;
  • Дубосековская көчөсү 39а дарегинде жайгашкан №32 орто мектебине кошумча корпус;
  • Сеченов көчөсүндө жайгашкан №46 мектепке кошумча корпус.

Белгилей кетсек, аталган мектептер президент Садыр Жапаровдун 2026-жылы Бишкек шаарына жаңы 20 мектеп куруу боюнча тапшырмасынын алкагында курулууда.

12