7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ала-Арча» жаратылыш паркында жаңы асма жол тесттик режимде ишке киргизилди

205

«Ала-Арча» жаратылыш паркында жаңы асма жол тесттик режимде ишке киргизилди. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Учурда объектте ишке киргизүү-жөндөө иш-чараларынын алкагында техникалык сыноолор жүргүзүлүүдө. Иштерди асма жолдорду долбоорлоо, куруу жана тейлөө боюнча дүйнөлүк лидерлердин бири болгон Doppelmayr компаниясынын инженерлери аткарып жатышат.

Бардык техникалык жөндөөлөр аяктап, сыноолор ийгиликтүү өткөндөн кийин объект конокторду кабыл алууга толугу менен даяр болот. Асма жолдун расмий ачылышы болжол менен 14-15-февралга пландалууда, бирок так датасы бардык тесттик иштердин жыйынтыгы боюнча кошумча жарыяланат.

Эскерте кетсек, «Ала-Арча» жаратылыш паркындагы асма жолдун курулушу 2025-жылдын январында башталган. Маршруттун жалпы узундугу 23 чакырымды түзөт, бул долбоор өлкөнүн туристтик тармагындагы эң масштабдуу инфраструктуралык объекттердин бири болуп калмакчы. Асма жолдун ишке кириши парктын туристтик жагымдуулугун кыйла жогорулатып, анын жаратылыш кооздуктарына жетүүнү жакшыртат деп күтүлүүдө.

206