7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Телефон алдамчылыгына шектелген 9 жигит кармалды

208

Өздөрүн УКМК жана Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, элдин акчасын алып жүргөн деген шек 9 киши кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Шектүүлөр уюлдук байланыш операторлорунун номерлери аркылуу WhatsApp, Telegram, Lalafo аянтчаларындагы аккаунттарды активдештирип, жарандарды банктык карталарын сатууга көндүрүшкөн.

«Бул аккаунттар жана банктык карталар Telegram аркылуу эл аралык деңгээлдеги алдамчыларга сатылган. Алар жарандарга телефон чалып, террордук уюмдарга катышы бар деп айыпташкан. Ошондой эле ал уюмдарды каржылагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартарын айтып коркутушкан», — деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектелип колго түшүрүлгөндөр — 16дан 29 жашка чейинки адамдар. Үчөө жашы жете электигине байланыштуу ата-энесинин милдеттенмеси менен коё берилген. Калганы камакка алынган.  Кармалгандардын экөө мурда каракчылык, тоноо боюнча, 22 жаштагысы адам өлтүрүү боюнча соттолгон.

209