7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто автотранспорт ишканасынын мурдагы директору 1,39 гектар мыйзамсыз жерди мамлекетке өткөрүп берди

14

УКМК Ош шаарындагы №1 жүргүнчү ташуу автотранспорт ишканасынын аймагын мамлекеттин балансына кайтарып берди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү аныктоо жана кайтарып алуу боюнча системалуу иш-аракеттеринин алкагында Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу автотранспорт ишканасынын мыйзамсыз менчиктештирилиши аныкталган.

Тактап айтканда, 2000-жылдардын башында ишкананын мурдагы директору аталган жердин аймагын мыйзамсыз менчиктештирип алган, андан кийин ал жерди бир нече бөлүккө бөлүп, аны өзүнө жакын адамдардын атына каттаткан.

Тергөө учурунда №1 жүргүнчүлөрдү ташуу автотранспорт ишканасынын мурдагы директору аталган мүлккө болгон менчиги мыйзамсыз экенин түшүнүп, административдик жана чарбалык имараттары бар 1,39 гектар жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берди.

15