7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргызалтын» АКШнын компаниялары менен кызматташат

13

Күн мурун «Кыргызалтын» ААКта америкалык Pangea Global, Mooney Group жана TETHYS Gateway Investment, Nasdaq компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Жолугушууда тараптар тоо-кен тармагын өнүктүрүүнүн келечегин, заманбап технологияларды киргизүүнү, ошондой эле эл аралык стандарттарга жана Европа биримдигинин талаптарына ылайык ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү, жаңы технологиялар менен лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана тоо-кен ишмердүүлүгү боюнча адистерди окутуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, туруктуу өнөр жай экосистемасын түзүү жана куруу маселелери каралды.

Жыйынтыгында «Кыргызалтын» ААК менен Pangea Global, Mooney Group жана TETHYS Gateway Investment компанияларынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюлду.

 

14