Министрлер Кабинетине караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын 16-түзөтүү мекемесинин кызматкери жана ИИМдин Биринчи май РИИБнин кызматкери кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Алар алдын ала сүйлөшүп алып, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын түзөтүү мекемесиндеги соттолгондордун бирине карата кечирим берүү маселесин чечүү үчүн каражат алган.
Аталган эки кызматкер 2024-жылдын декабрынан 2025-жылдын апрелине чейин соттолгон адамдын ишенимине кирип, ага кечирим берүү үчүн ири суммадагы акча алгандыгы аныкталган. Кийинчерээк соттолгон жарандын кечирими четке кагылган.




