Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы “Жүлгүр” жайлоосунда кар көчкү басып калып изделип жаткан 37 жаштагы жарандын сөөгү ӨКМ куткаруучулары тарабынан табылды.
Издөө иштерине жалпы 229 адам тартылган. Алардын ичинде ӨКМден 19 куткаруучу, 1 дрону менен, Коргоо министрлигинен 3, ИИМден 4, Кара-Кулжа айыл аймагынан 3 кызматкер, 1 жүктөгүч жана 1 грейдер, жергиликтүү тургундардан 200 адам чыкты.
Эске салсак, 31-январь күнү жергиликтүү жарандардан турган топ жайлоого мергенчилик кылууга барышып, ошол учурда кар көчкү жүргөн. Натыйжада 37 жаштагы тургунду басып калган.



