Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда, Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибековду кабыл алды.
Мамлекет башчысы буга чейин Талантбек Ташибековду кызматка дайындоо учурунда ага бир катар тапшырмаларды берген. Президент бүгүнкү жолугушууда аны коюлган тапшырмалардын аткарылышынын жүрүшү, ошондой эле мындан аркы иш пландары менен таанышуу максатында кабыл алды. Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Мамлекет башчысына агенттиктин иш пландары жөнүндө маалымат берип, дин жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу багыттар тууралуу айтып берди.
Президент диний чөйрө жана этностор аралык мамилелер маселелери өзгөчө салмактуу, жоопкерчиликтүү жана кылдат мамилени талап кыларын баса белгиледи. Буга байланыштуу ал өткөн жылы Президенттин тиешелүү Жарлыгы менен комиссия кайра түзүлүп, Улуттук агенттик деңгээлине чейин көтөрүлгөнүн, бул анын ыйгарым укуктарын жана институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтүүгө мүмкүндүк бергенин эске салды.
Андан ары Талантбек Ташибеков уюмдун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата юбилейлик иш-чараларды өткөрүү пландары жөнүндө маалымдап, буга байланыштуу Мамлекет башчысынан эмгек сиңирген дин ишмерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселесин кароону өтүндү.
Президент бул маселе боюнча макулдугун билдирди, ошондой эле диний ишмер жана агартуучу Чубак ажы Жалиловго көзү өткөндөн кийин «Кыргыз Республикасынын баатыры» деген ардактуу наамын ыйгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Соңунда Садыр Жапаров Талантбек Ташибековго Улуттук агенттиктин тутумдуу жана ачык-айкын ишин камсыз кылууну, ошондой эле дин аралык жана этностор аралык ынтымакты бекемдөө, биримдикти жана адилеттүүлүк принциптерин илгерилетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.




