7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ишкердиктеги QR-төлөмдөрдү колдонуудагы көйгөйлөр талкууланды

3

Ишкердиктеги QR-төлөмдөрдү колдонуу көйгөйлөрү талкууланды. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Салык кызматы ишкердик жүргүзүүдө накталай эмес төлөмдөрдү колдонуу маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өткөргөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө Салык кызматына бизнес-коомчулуктан келип түшкөн ишкердик капчыктарды, POS-терминалдарды, банк эсептери, карталарды жана QR-төлөмдөрдү колдонууга байланышкан көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Тактап айтканда, накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуудагы комиссиялар, ишкерлердин эсептерине акча каражаттарынын өз убагында түшпөй калышы, QR-коддор аркылуу каражат түшкөн учурда банктык көчүрмөлөрдө төлөөчү тууралуу маалыматтын көрсөтүлбөшү, ошондой эле айрым банктар тарабынан коюлган ишкерлердин ишмердүүлүгүн татаалдаткан талаптар жана ашыкча жол-жоболор сыяктуу маселелер козголду.

Салык кызматынын өкүлдөрү төмөнкүдөй практикалык жана ченемдик чечимдерди сунушташты:

  • накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алууда ишкерлер үчүн комиссиялык жүктү азайтуу мүмкүнчүлүгүн кароо;
  • акча каражатынын ыкчам тушүүсүн жана алуучу үчүн төлөм жөнүндө маалыматтын ачыктыгын камсыз кылуучу техникалык чечимдерди иштеп чыгуу;
  • кагаз түрүндөгү документтерди талап кылбастан, ишкерлердин каттоодон өткөнүн текшерүү үчүн Мамлекеттик салык кызматынын колдонуудагы электрондук сервистерин пайдалануу;
  • эсептерди ачуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөө;
  • санариптик экономиканын шартында ишкерлерге жеке жактардын капчыктарын ишкердик үчүн колдонууга мүмкүнчүлүк берген банк мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин кароо.

Белгилей кетсек, санариптик экономиканы өнүктүрүү жана накталай эмес төлөмдөрдү жайылтуу ишкерлер үчүн кошумча тоскоолдуктарды жаратпастан, ыңгайлуу, ыкчам жана ачык-айкын кызматтар менен коштолууга тийиш.

4