7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“AY YOLA” музыкалык тобу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болду

26

“AY YOLA” музыкалык тобу 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болуп дайындалды. Бул боюнча Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык секретариаты менен кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Өнөктөштүк көчмөн элдердин салттуу маданиятын жана материалдык эмес мурасын заманбап музыкалык форматта дүйнөгө таанытууга багытталган. Башкырстандык AY YOLA триосу салттуу аспаптарды, жандуу аткарууну жана электрондук музыканы айкалыштырып, этникалык музыканы заманбап стилде жаңыртып келет.

Амбассадор катары жамаат Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын эл аралык маданий жана маалыматтык иш-чараларда таанытат. Бул кызматташуу Оюндардын маданий өлчөмүн күчөтүп, заманбап этно-музыканын элдерди жакындаткан универсалдуу тил экенин баса белгилейт.

27