Эл өкүлдөрү аймактардын инфраструктуралык абалын жакшыртууга байланышкан көйгөйлөрдү белгилеп, сунуш-пикирлери менен бөлүштү. Алсак:
• Бактыяр Калпаев Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүндө жайгашкан Ураим Исаков атындагы мектеп авариялык абалга келгендиктен, окуучулар мечиттин, ФАПтын имараттарында окуп жатканын айтып, тез арада жаңы мектеп куруу керектигин белгиледи.
• Махабат Мавлянова Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу Балан, Арык-Тейит жана Ак-Терек айылдарындагы мектеп, бала бакча маселелерин көтөрдү.
• Сеидбек Атамбаев Аламүдүн районундагы Чоң-Арык, Арашан, Кой-Таш айылдарына кетчү жолдордун кесилишине жол чырак орнотуу зарылдыгын билдирип, Ысык-Ата районундагы Нооруз, Ичке-Суу айылдары үчүн салынып жаткан мектептин курулушун аягына чыгарууну өтүндү.
• Талайбек Масабиров Сузак районунун Кара-Дарыя айыл өкмөтүнө караштуу Чаңгыр-Таш айылындагы Аксылык конушуна бала бакча куруу, ошондой эле Базар-Коргон районундагы Акман айыл өкмөтүнө караштуу Колот жана Кайырма айылдарын бириктирген көпүрөнү оңдоо керектигин айтты.
• Камила Талиева Лейлек районундагы Раззаков – Алга жолун оңдоп-түзөө иштерин тездетип, Кең-Талаа айыл өкмөтүндөгү Бешкент айылына чек ара макамын берүүнү сунуштады. Мындан тышкары Муслим-Кыштак конушундагы көпүрөнү оңдоо керектигин да белгиледи.
• Медина Кайрылбекова ага оор жүк ташуучу унаалардын ээлери кайрылып жатканын айтып: «Алар унаанын бир огуна түшкөн жүктүн уруксат берилген чегин азайтууну же экинчи огуна кайра бөлүштүрүүнү суранууда», — деди. Мындан тышкары Манас районунун Семетей айылындагы маданият үйү менен китепкана авариялык абалда экенин белгилеп, жаңы маданий борбор куруп берүүнү өтүндү.
• Алишер Козуев Кара-Суу районундагы 20га жакын калктуу конуштун айыл макамы жоктугун билдирип, мындан улам балдарды мектепке берүүдө, медициналык кызмат алууда кыйынчылыктар жаралып жатканын айтты. Эл өкүлү ошондой эле Ала-Тоо айыл аймагындагы Бекжар айылы бийик тоолуу аймактардын тизмесине киргенине карабастан, пенсиянын жана жөлөкпулдардын өлчөмү мурдагы бойдон калып жатканын маалымдады.
• Жаныбек Абиров апрель айында мугалимдердин айлыгы менен бирге техникалык кызматкерлердин эмгек акысын да жогорулатууга чакырды.
• Гүлнара Акимбаева Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга жана Афган согушуна катышкан жарандарга мамлекеттик колдоону күчөтүүнү сунуштады.



