7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандагы акыркы 6 жатак абагы да жоюла турган болду

254

Кыргызстандагы акыркы 6 жатак абагын жоюу боюнча чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул демилге мамлекеттик башкаруу системасын бюрократиядан арылуунун алкагындагы реформанын бир бөлүгү.

Белгиленгендей, жатак абактарын жабуу боюнча чечимдер этап-этабы менен кабыл алынган. 2025-жылы тиешелүү кодекстерге жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилип, андан кийин колония-конуштардын биринчи тобу жабылган.

2026-жылдын 28-январында мекемелердин экинчи тобун – № 26, 42, 43, 44, 45 жана 52-мекемелерди жоюу чечими кабыл алынды.

«Реформа пробация менен функцияларды кайталабастан, мамлекеттик каражаттарды рационалдуу пайдалануу жана жоюлуп жаткан мекемелердин кызматкерлеринин укуктарын милдеттүү түрдө сактоо менен заманбап жана натыйжалуу ыкманы ишке ашырууга багытталган»,-деп айтылат маалыматта.

255