2025-жылга карата Кыргызстан негизги 9 азык-түлүктүн алтоосу боюнча өзүн-өзү толук камсыздоо деңгээлине жетти.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, алар:
- жашылча-жемиштер;
- картошка;
- сүт жана сүт азыктары;
- эт жана эт азыктары;
- кант;
- жумуртка.
Ал эми нан азыктары, өсүмдүк майы жана мөмө-жемиштер боюнча муктаждык азырынча жарым-жартылай импорттун эсебинен жабылууда.
2020-жылдан 2025-жылга чейин мамлекеттик колдоонун жана дыйкандардын мээнетинин натыйжасында өзүбүздү камсыздоо көрсөткүчү төмөнкүдөй жогорулады:
- сүт-112 пайыздан → 127,3 пайызга;
- эт-63,6пайыздан → 85,7 пайызга;
- кант-15 пайыздан → 82,1 пайызга;
- жумуртка-56,4 пайыздан → 79,8 пайызга;
- өсүмдүк майы-34 пайыздан → 51,7 пайызга;
- мөмө-жемиштер-15 пайыздан → 51,4 пайызга.
«Бул көрсөткүчтөр өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө жана сырткы факторлордон көз карандысыз болууга багытталган стратегиянын натыйжасы болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.



