Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-февралда, Америка Кошмо Штаттарынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча Атайын өкүлү, Элчи Серджио Гор жана америкалык бизнес өкүлдөрү менен “Ынтымак Ордодо” жолугушту.
Мамлекет башчысы Кыргызстан көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүп жатканына токтолду. Буга байланыштуу ал Кыргыз Республикасы Америка Кошмо Штаттары менен кызматташууга өзгөчө маани берерин айтты.
“Кыргызстан бардык бизнесмендер жана инвесторлор үчүн ачык. Инвесторлорду кайсы өлкөдөн келгенине карай бөлбөйбүз. Бардык бизнеске, анын ичинде кыргыз бизнесине, бирдей тең мамиле кылабыз жана мамлекет катары алардын ишмердүүлүгүнө ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даярбыз”, — деди Президент.



