7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Минкаб: Чет элдик номерлүү унааларды кайрадан легализациялоо жүргүзүлбөйт

369

Министрлер кабинети чет өлкөлүк каттоо номери бар унааларды кайрадан легализациялоо (мыйзамдаштырууну) жүргүзүүнү пландаган жок. Бул тууралуу Жогорку Кенештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин жарандарга легализациялоо процедурасынан өтүү үчүн жетиштүү убакыт берилген.

«Мамлекет бардык шарттарды түздү: мөөнөттөр узартылды, Калкты тейлөө борборлорунда кошумча терезелер ачылды. Бирок, көптөгөн жарандар бул маселеге жоопкерчиликсиз мамиле жасашты. Программаны кайрадан ишке киргизүүгө мүмкүнчүлүк жок», — деп билдирди ал.

Депутат Марлен Маматалиев ага унааларды кайрадан легализациялоо өтүнүчү менен кайрылуулар дагы деле келип жатканын белгиледи.

370