7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Минкаб ыш, баалардын өсүшү жана тигүү тармагын колдоо боюнча маалымат берүүдө

10

Бүгүн, 5-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Министрлер кабинетинин күнү» орун алып, ыш менен байланышкан экологиялык абал, коомдук тамактануу жайларындагы баалардын өсүшү, тигүү тармагын колдоо чаралары, курулуш тармагындагы баалардын жогорулашы, ошондой эле Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин ишине жана кызмат көрсөтүүлөрүнө карата баа түзүү сыяктуу маселелер талкууланууда.

Алгач Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев аталган маселелер боюнча кыскача баяндама жасап, айрым көрсөткүчтөргө токтолду.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев коомдук тамактануу жайларындагы тейлөө акысын алып салуу боюнча Министрлер кабинетинин чечимин жокко чыгарууну сунуштап, бул чара тескерисинче баалардын өсүшүнө алып келгенин билдирди.

Депутат Чолпон Эсенаманова Кара-Балта шаарындагы ыш көйгөйү, аймакка таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу, ошондой эле Жайыл, Панфилов, Талас райондорун жана Кайыңды шаарын газдаштыруу сыяктуу маселелерди көтөрдү.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков дагы ышты азайтуу, чет жактан келип жаткан тамак-аш азыктарынын сапатын жана курулуш тармагындагы бааларды көзөмөлдөө зарылдыгына көңүл бурду.

Депутат Дастанбек Жумабеков Бишкек шаарындагы абанын булганышын азайтуу жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы тууралуу айрым жагдайларды тактап, жаңы конуштарды газдаштыруунун маанилүлүгүн белгиледи.

Депутат Ырысбек Атажанов Кадамжай районундагы айылдарга жана калктуу конуштарга газ жеткирүү маселесин ортого салды.

Депутаттар Жанарбек Акаев менен Азамат Исираилов Ош шаарындагы үйлөрдү жана шаарга жакын конуштарды газ менен камсыздоо зарылдыгын билдиришти.

 

11