7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы сатып алына турган Airbus A321 учактарынын дизайны көрсөтүлдү

13

«Кыргызстан аэропорттору» ААК жана Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы жыл ичинде эл аралык каттамдарды аткаруу үчүн сатып алына турган Airbus A321 учактарынын жаңы фирмалык дизайнын тааныштырды.

Компаниядан билдиришкендей, учактардын сырткы жасалгасы авиакомпаниянын заманбап көрүнүшүн, улуттук өзгөчөлүгүн жана эл аралык каттамдарды өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык багытын чагылдырат. Дизайнга асманды, алдыга умтулууну жана Кыргызстандын дүйнө менен байланышын билдирген элементтер камтылган.

«Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жаңы дизайндагы A321 учактарынын ишке кириши өлкөнүн жарандык авиациясынын тарыхындагы маанилүү этап болорун белгиледи.

«Биз сапат жактан жаңы деңгээлге чыгып жатабыз. Airbus A321 — бул алыска учуу, ыңгайлуулук жана ишенимдүүлүк дегенди билдирет. Ал эми учактарыбыздын жаңы көрүнүшү — бул эл аралык аэропорттордогу Кыргызстандын жүзү. Биз Asman Airlines компаниясынын асманда биринчи көз караштан эле таанымал болушун каалайбыз», — деди ал.

Учактарды сатып алуу жана эл аралык каттамдарды ишке киргизүү жүргүнчүлөр, туризм жана ишкердик байланыштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, ошондой эле Кыргызстандын аймактагы заманбап авиациялык держава катары имиджин бекемдейт.

14