Бүгүн, 16-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдайт.
Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0… +5, күндүз +12… +17. Талас жергесинде түнкүсүн -2… +3, күндүз +10… +15. Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3… +8, күндүз +14… +19;Нарын аймагында түнкүсүн -4… -9, күндүз 0.. +5. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0… -5, күндүз +4… +9. Бишкек шаарында түнкүсүн +2… +4, күндүз +15… +17 градус.



