7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага Марлен Маматалиев Пакистандын элчиси Алтамаш Вазир Ханды кабыл алды

14

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Пакистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алтамаш Вазир Ханды кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү тууралуу сөз болуп, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселеси көтөрүлдү.

Төрага Кыргызстан Пакистан мамлекети менен калыптанган бардык багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, жакында эле Президент Садыр Жапаровдун аталган өлкөгө жасаган мамлекеттик сапары жемиштүү болгонун эске салды. Андан тышкары, эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу зарыл экенин айткан Төрага депутаттык достук топторунун деңгээлинде да байланыштарды күчөтүү керектигине токтолду.

Өз кезегинде Алтамаш Вазир Хан Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, тажрыйбалуу, иш билги жетекчи катары Кыргызстан менен Пакистандын алакасын жаңы баскычка көтөрүүгө көмөктөшөрүнө ишенерин билдирди. Анын ичинен парламенттер аралык диалогду тереңдетүү учур талабы экенин айткан элчи жакынкы аралыкта Марлен Маматалиевди Пакистанга расмий сапар менен барып келүүгө чакырды.

 

15