7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Сокулук районунун өнүгүүсү менен таанышты

4

Садыр Жапаров 6-ноябрда Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сокулук районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдан 2026-жылдын сентябрына чейин райондо 41 ири ишкана жана 189 чакан жана орто бизнес субъекти ачылып, жумуш орундарынын саны 5,8 эсеге көбөйгөн.

Ошондой эле төрт чакан ГЭС ишке берилип, 167 чакырым жол асфальтталган. Акыркы жылдары райондо 8 мектеп, 12 бала бакча, 21 спорттук объект жана 16 медициналык имарат курулган.

Учурда 300 орундуу оорукананын, эки мектептин жана эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Мындан тышкары, райондогу тазалоочу курулмаларды куруу, автоунаа тетиктерин сатуучу муниципалдык базар ачуу жана «Семетей» жаңы конушунун инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери көтөрүлдү.

 

5