7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 1 жашар наристенин өпкөсүнөн шуру алып чыгышты

242

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун адистери бир жашар наристенин бронхасынан шуру алып чыгышты. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1 жаш 1 айлык наристе ойноп жатып, кокусунан белгисиз нерсени жутуп алган. Андан соң бала дароо жөтөлүп, оозу көгөрүп, дем алуусу кыйындаган. Апасы үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылып, бала тез арада улуттук борборго жеткирилген.

Ооруканага түшкөндө наристенин абалы дем алуу жетишсиздигинен улам оор деп бааланган. Рентгендик изилдөөнүн жыйынтыгында баланын оң бронхасында бөтөн зат бар экени аныкталган. Дарыгерлер ыкчам түрдө наркоз алдында бронхоскопия жасап, өпкөгө тыгылып калган шуруну ийгиликтүү алып чыгышты.

Учурда баланын абалы канааттандырарлык, дем алуусу калыбына келди.

243