Ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуут ӨКМдин Гидрометеорология кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 23-февралынан 26-февралына чейин түзүлгөн кар көчкү кырдаалына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 45-112 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-3 чакырымдарында, Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305 чакырымдарында (Долон ашуусу), Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-14 чакырымдарында, Арал-Суусамыр жолунун 8-21 чакырымдарында, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-, 260-290- жана 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.



