7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарында 12 мектептин курулушу жүрүүдө

338

Бишкек шаарындагы мектептердин курулуш иштери пландуу түрдө уланууда. Бул тууралуу курулуш министри Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, борбор калаанын Ленин районунда 6 мектеп, ошондой эле Октябрь районунда дагы 6 мектептин курулушу жүргүзүлүп жатат.

Учурда бардык объектилерде курулуш иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө. Долбоорлордун пайыздык даярдыгы азырынча 5–10 пайызды түзөт.
Орунтаев белгилегендей, курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо максатында иш кызуу жүрүп жатат.

Буга чейин президент Садыр Жапаров борбор калаадагы билим берүү мекемелеринин жетишсиздигин жоюу максатында жаңы мектептерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүү тапшырмасын берген.

339