Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенти Беларустагы «Лосвидо» полигонунда өтүп жаткан «Бузулбас боордоштук-2026» машыгуусунун алкагында тактикалык даярдык сабактарына киришти.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, машыгуунун жүрүшүндө ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрү тынчтык орнотуу операцияларын даярдоо жана өткөрүү боюнча тапшырмаларды аткарууда.
Иш-чарага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын аскердик контингенттери, ички иштер органдарынын жана Улуттук гвардиянын бөлүктөрү, ошондой эле ЖККУнун Бириккен штабынын жана катчылыгынын ыкчам топтору катышууда.



